Hino da RSS da Quirguízia (1946-1991)

Hinos de Países

Composición de: Aaly Tokombaev/Kubanychbek Malikov/Mukanbet Toktobaev/Tulgebay Sydykbekov
Азаттыкты Кыргыз эңсеп турганда
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан
Улуу орус достук менен кол берип
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан

Жаша, Кыргызстаным
Ленин туусу колуңда
Алгалай бер, гүлдөй бер
Коммунизм жолунда!

Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып
Таалай берген улуу Совет калкына
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат
Элдин күчү, Лениндик партия

Жаша, Кыргызстаным
Ленин туусу колуңда
Алгалай бер, гүлдөй бер
Коммунизм жолунда!

Эл достугун болоттон бек ширетип
Көп улуттан Союз курдук урагыс
Жандай сүйүп даңктуу Ата Мекенди
Түбөлүккө Коммунизм курабыз

Жаша, Кыргызстаным
Ленин туусу колуңда
Алгалай бер, гүлдөй бер
Коммунизм жолунда!
    Página 1 / 1

    Letras y título
    Acordes y artista

    restablecer los ajustes
    OK