КЫРГЫЗСТАН

Amirchik

Тандабаймын жеңил жолду арзандыкка барабар
Кенен жайдым эки колду азаттыкка барабар
Эгемендүү боло алганга эмгек кылган аталар
Ар аймакта тарбияланган уул-кыздарга баталар

Дайым үмүтүмдү сактагам кыйын кездер кетет деп
Дайым намысымды сатпагам керемет жерим жетет деп
Калкым кээде байланбас анткени бул Кыргызстан

Алгалаймын бул ааламда чексиздикке барабар
Талкалаймын сапаттарды эрксиздикке барабар
Кыргызым кыйналып жаткан кезде эт жүрөгүм жарадар
Күнөөкер жазасын алсын, жашын агызбасын апалар

Күнү түнү үмүтүм күч кубат берет керекте
Маанилүү бүгүнкү күн эртеңки келечекке
Ушул жерде сен гана себепкери болосуң
Ушул жерге сен гана кайра келип коносуң

Дайым үмүтүмдү сактагам кыйын кездер кетет деп
Дайым намысымды сатпагам керемет жерим жетет деп
Калкым кээде байланбас анткени бул Кыргызстан

Кыргызстан
Кыргызстан
Кыргызстан

Анткени бул Кыргызстан

Información de la canción

Composición:

¿Los datos están equivocados?

Revisar composición